Президент Садыр Жапаров Тоолуу Карабакка барды

Садыр Жапаров, Илхам Алиев жана Шавкат Мирзиёев. Шуша шаары, Азербайжан. 5-июль, 2024-жыл.

5-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандагы иш сапарынын алкагында Тоолуу Карабакка барды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен чогуу Шуша шаарында курулуп жаткан борбордук мечитти, жергиликтүү архитектуралык стилде салынып жаткан калаанын борборундагы жаңы кварталды көрүп чыкты. Анын ичинде 8 гектар жерди ээлеген "Шуша" жаңы турак-жай комплексине барды.

Президент Жапаров Азербайжанда 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышуу үчүн барган.

Шуша шаары.

Тоолуу Карабактагы экинчи чоң шаар саналган Шуша шаары азербайжандар менен армяндардын тарыхый эс-тутумунда өзгөчө мааниге ээ. Бул жерде мечиттер менен чиркөөлөр, кербен сарайлар, атактуулардын үй-музейлери жайгашкан. 1992-1994-жылкы Карабак согушунда азербайжандар шаарды колунан чыгарса, 2020-жылкы куралдуу кармашта кайра өз көзөмөлүнө алган.

President Sadyr Japarov in Shusha. Azerbaijan. July 5, 2024

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Эки өлкө тең чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан, адам өлүмү менен коштолгон тирешүүнү токтото турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бул процесстин создугушуна Ереван менен Баку бири айыптап келишет. (ZKo)

Дагы караңыз

"Жаңылануунун жаңы барагын ачабыз". Британияда өкмөт алмаштыЧуулгандуу иштерди караган эки судья кармалды Кремлдин сынчысы, камактагы Владимир Кара-Мурза түрмөнүн ооруканасына которулдуКытайга балык жана жемиш экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлдүТүркиялык футболист жосунсуз жоругу үчүн оюндан четтетилди