Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларында, Лейлек районунда жана башка аймактардагы дүкөндөрдө Golden life (“Золотая жизнь”) аталышындагы суусундуктарды соода түйүндөрүнөн сатыктан ала баштады. Бул тууралуу Оорулардын
алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактагы бөлүмү кабарлады.
Мекеменин кызматкерлери дүкөндөргө акттарды түзүп, эскертүүлөрдү берди.
Аталган суусундуктар 3-июлдан тартып Ош шаарындагы соода түйүндөрүнөн сатыктан алына баштаган.
Маалыматка ылайык, аталган иш-аракеттер Кыргызстандын Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Ооганстандан чыгарылган аталган суусундук “балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген азорубин – Е 122 боёгун камтыйт” деп табылган.
Golden life (“Золотая жизнь”) суусундугунун өндүрүүчүлөрү жана импорттоочулары бул боюнча комментарий бере элек.
Ооганстанда өндүрүлгөн Golden life суусундугу рынокто соңку бир-эки жылдан бери гана пайда болду. Аны айрым блогерлер жарнамалап жатышкан. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда суусундуктун зыяндуулугун айткан билдирүүлөр жарыялана баштаган.
Суусундуктун таңгагында ал анардын ширесинен жасалганы жазылган. Азыкты сынга алгандар муну сынга алып, суусундук химиялык кошулмалар жана даам күчөткүчтөр менен жасаларын сындап келишкен. (ErN)
Дагы караңыз
Аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайтБШК Ноокат округу боюнча шайлоодо Мариповду жеңүүчү деп таптыКыргызстан Азия өнүктүрүү банкына Борбор Азия кепилдик фондун түзүүнү сунуштадыМугалимдикке тоскоол болгон оорулар тууралуу долбоор коомдук талкуудан алындыЖогорку окуу жайларга кабыл алуу 15-июлда башталатТүптө менчикке мыйзамсыз берилген 100 гектар айдоо жери мамлекетке кайтарылдыУкраинада казакстандык журналист Айдос Садыковдун сөөгү жерге берилдиХабаровскиден 500дөй мыйзамсыз мигрант күч менен чыгарылды