Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:49

БШК Ноокат округу боюнча шайлоодо Мариповду жеңүүчү деп тапты


Бакытбек Марипов
Бакытбек Марипов

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу №5 Ноокат округу боюнча өткөн шайлоодо көп добуш алган талапкер Бакытбек Мариповду жеңүүчү деп тапты. 5-июлдагы отурумда БШКнын мүчөлөрү бир добуштан кабыл алды.

Ноокат округу боюнча шайлоого катышкан беш талапкердин арызынын негизинде беш шайлоо тилкесинде добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынгандан улам чечим кечигип жаткан.

БШКнын 5-июлдагы отурумунда добуштар кайрадан эсептелгени кабарланып, анда олуттуу мыйзам бузуулар аныкталбаганы маалымдалды. Айрым талапкерлер сөз сүйлөп, процедуралык маселелерге нааразылыктарын айтышты. Соңунда бул боюнча токтом кабыл алынып, чечим менен макул эместерге сотко кайрылуу сунушталды.

Боршайкомдун соңку жыйынтыгы боюнча Бакытбек Марипов Ноокат округунда 11 миң 596 (45.12%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыккан.

БШКнын 4-июлдагы жыйынында №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жана бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жеңүүчү деп табылган.

Тыналиев өз округунда 3 498 добуш алган (16,04%), ал эми Салымбеков өз округунда 10 623 кишинин (64,68%) добушун алган.

30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү.

Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты, алардын экөө гана аялдар болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG