Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкына Борбор Азия кепилдик фондун түзүүнү сунуштады


Алмаз Бакетаев жана Чжэн Ву.
Алмаз Бакетаев жана Чжэн Ву.

Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөдөгү директору Чжэн Ву менен жолугушуп, эки долбоор боюнча жол-жобого коюшту. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Долоорлордун каржылоо суммасы 106 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен “Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы” биринчи айлампасы 50 млн долларга, “Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу” долбоору 56 млн долларга аткарылат.

Жолугушуу маалында Мамлекеттик өнүктүрүү банкын өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландар талкууланды. Финансы министри Азия өнүктүрүү банкынын өкүлүнө Борбор Азия кепилдик фондун түзүүнү жана Кыргызстанда анын кеңсесин уюштурууну сунуштады.

Маалыматта сунушталып жаткан кепилдик фонд эмне милдетти аткарары жана ага АӨБдүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөдөгү директору кандай жооп бергени айтылган эмес.

Кепилдик фонду – бул насыя берүүчүнүн алдында карыз алган тарап үчүн кепил болуп берген уюм. Эгер карыз алган тарап аласасын жаба албай калса, Кепилдик фонд ага көмөктөшөт же зыяндын ордун толтуруу милдетин аткарат.

2024-жылдын январынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 270,50 млн долларга жеткен. Муну сомго чакканда 560 млрд сомду түзөт. Сумманын 4,6 млрд доллары тышкы карыз, 1,6 млрд доллары ички карыз. (ErN)

Дагы караңыз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG