Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайт


5-12 июлда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

6-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкекте түндүн биринчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөйт, түндүн экинчи жарымында жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 4-июлда күндүз 21,8°, 5-июлда эртең менен 20,0° болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG