Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкына Борбор Азия кепилдик фондун түзүүнү сунуштады

Алмаз Бакетаев жана Чжэн Ву.

Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөдөгү директору Чжэн Ву менен жолугушуп, эки долбоор боюнча жол-жобого коюшту. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Долоорлордун каржылоо суммасы 106 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен “Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы” биринчи айлампасы 50 млн долларга, “Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу” долбоору 56 млн долларга аткарылат.

Жолугушуу маалында Мамлекеттик өнүктүрүү банкын өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландар талкууланды. Финансы министри Азия өнүктүрүү банкынын өкүлүнө Борбор Азия кепилдик фондун түзүүнү жана Кыргызстанда анын кеңсесин уюштурууну сунуштады.

Маалыматта сунушталып жаткан кепилдик фонд эмне милдетти аткарары жана ага АӨБдүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөдөгү директору кандай жооп бергени айтылган эмес.

Кепилдик фонду – бул насыя берүүчүнүн алдында карыз алган тарап үчүн кепил болуп берген уюм. Эгер карыз алган тарап аласасын жаба албай калса, Кепилдик фонд ага көмөктөшөт же зыяндын ордун толтуруу милдетин аткарат.

2024-жылдын январынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 270,50 млн долларга жеткен. Муну сомго чакканда 560 млрд сомду түзөт. Сумманын 4,6 млрд доллары тышкы карыз, 1,6 млрд доллары ички карыз. (ErN)

Дагы караңыз

Мугалимдикке тоскоол болгон оорулар тууралуу долбоор коомдук талкуудан алындыЖогорку окуу жайларга кабыл алуу 15-июлда башталатТүптө менчикке мыйзамсыз берилген 100 гектар айдоо жери мамлекетке кайтарылдыУкраинада казакстандык журналист Айдос Садыковдун сөөгү жерге берилдиХабаровскиден 500дөй мыйзамсыз мигрант күч менен чыгарылдыКарачай-Черкес жумуриятында никабга убактылуу тыюу салынды УКМК бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалганын билдирдиАскер белети үчүн пара талап кылган кызматкер кармалдыАба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайтБритания: парламенттик шайлоодо Кир Страмер башында турган лейбористтер алдыга чыктыАлайда 6 жашар бала сууга агып чарчап калдыСадыр Жапаров ТМУнун саммитине катышуу үчүн Азербайжанга жөнөп кеттиБишкекте жаңы “Ош базарды” камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталды