Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:05

Британия: парламенттик шайлоодо Кир Страмер башында турган лейбористтер алдыга чыкты


Лейбористтер партиясынын төрагасы Кир Стармер.
Лейбористтер партиясынын төрагасы Кир Стармер.

Британияда 4-июлда өткөн парламенттик шайлоодо Кир Стармер башында турган Лейбористтер партиясы алдыга чыкты. Алдын ала жыйынтыктырга караганда, алар 410 аймакта жеңди. Бул парламенттеги 650 орундун 400дөн көбүн ээлейт дегенди билдирет. Азырынча добуштарды эсептөө соңуна чыга элек.

Эми партия лидери Британиянын кийинки өкмөт башчысы болору күтүлүүдө.

"Өзгөрүүлөр дал ушул жерден башталат. Анткени бул силердин демократия, силердин коом, силердин келечек. Силер добуш бердиңер. Эми убадаларыбызды аткарууга убакыт келди",-деди 61 жаштагы Кир Стармер алдын ала жыйынтыктар жарыялангандан кийин.

Консерваторлордун лидери, азыркы премьер-министр Риши Сунак жеңилгенин моюнга алып, Стармерди жеңиши менен куттуктады.

"Британ эли эске келтире турган чечим чыгарды, дагы көп нерсени үйрөнүш керек. Vен жеңилүү үчүн жоопкерчиликти өзүмө алам",— деди Сунак. Консерваторлор парламентте 131 орунду алары күтүлүүдө.

Парламенттин жаңы курамынын биринчи жыйыны 9-июлга белгиленген.

Лейбористтер партиясы буга чейин парламенттик шайлоону 2005-жылы уткан. Андан бери жеңишти Консервторлордун партиясы колунан чыгарбай келген. Быйыл майда өкмөт башчы Риши Сунак мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаган. Мыйзамга ылайык, кийинки добуш берүү 2025-жылдын башында өтмөк.

Байкоочулардын эсебинде 14 жылдан бери бийликте отурган консерваторлордун жеңилишине ковид пандемиясы, экономикадагы кризис жана брексит себеп болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG