Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:14

УКМК бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалганын билдирди


Табылган буюм, курал-жарактар. УКМК тараткан сүрөт.
Табылган буюм, курал-жарактар. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирди.

Атайын кызмат 5-июлда тараткан маалыматка ылайык, алар массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу күч колдонуу менен бийликти басып алууну максат кылышкан деп айыпталууда.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында (К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б.) беш адам кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Аталган топ криминалдык идеологияны колдогон, ошондой эле диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдардан түзүлгөндүгү такталды”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинткенде колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдүн тетиктери, ок атуучу куралдар, ок-дарылар, рациялар, ок өтпөс кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып алынды. Ушул тапта кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат шектүүлөр кайсы аймактан жана качан кармалганы тууралуу маалыматты тактаган жок. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG