Тоту куш жана төө куш аткезчилигине бөгөт коюлду

Тоту куштар. Чек ара кызматынын сүрөтү.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында тоту куш жана төө куштарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Кыргызстандык жаран 1-июлда райондун Жаңы-Жер аймагына Өзбекстандан 160 тоту кушту жана төө куштун беш балапанын алып өтүүгө аракет кылган. Жаранда канаттууларга эч кандай документ болгон эмес.

Төө куштун балапандары.


Чек ара кызматынын маалыматында, канаттуулардын жалпы баасы 774 500 сом деп бааланды.

Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин, кармалган жаран жана канаттуулар күч кызматтарына өткөрүлүп берилген.

Кыргызстандын чек арасында жаныбарларды мыйзамсыз алып өтүү аракеттери буга чейин да катталып келген. Өлкөдө байыр алган, "Кызыл китепке" кирген канаттууларды чет жакка алып кетүү аракеттерине бөгөт коюлган учурлар арбын.(ZKo)

Дагы караңыз

Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган бангладештик жарандар тобу кармалдыКыргызстан менен Швейцариянын тышкы иштер министрлери Тоо саммити жөнүндө сүйлөштүМугалим болууга тыюу салган оорулардын тизмеси талкууга коюлдуКыргызстан эки жарым айда селден 170 миллион сомдон ашуун зыян тарттыЕвропа чемпионаты: чейрек финалга өткөн курамалар аныкталды