Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган бангладештик жарандар тобу кармалды


Чек арадан өтүүгө аракет кылган бангладештик жарандардын тобу. УКМК тараткан сүрөт.
Чек арадан өтүүгө аракет кылган бангладештик жарандардын тобу. УКМК тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн учурда Бангладеш Республикасынын 11 жаранын кармашты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Чет элдиктер Өзбекстанга иштегени келип, ал жакта жумуш таппай Кыргызстанга өтүүнү чечишкен. Аларды алып өтүүнү уюштурган Кыргызстандын бир жараны кармалды.

Учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК билдиргендей, 21-майда да Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жана Сейдикум айылында да Бангладеш Республикасынын 46 жараны кармалган. Алар да миграциялык мыйзамдардын талаптарын эске албай, өлкө аймагында мыйзамсыз эмгектенишкен.

Кармалган чет элдиктерге карата административдик протоколдор түзүлүп, аларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселеси сот органдары карап жатат.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин 27-майдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 2023-жылдан бери Кыргызстанда 29 миң 846 чет өлкөлүк жарандын мыйзамсыз жүргөнү аныкталганин билдирген.

Быйыл 13-майда Бишкекте Египеттин жарандары менен Кыргызстандын жарандары мушташып, анын видеосу 17-майда интернетке тарап кеткен. Ошол түнү Бишкекте жергиликтүү жаштар чогулуп, ар кайсы жерлерде Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына сабап салышкан.

Окуялардан кеминде 49 киши жабыркаган. 13 киши кылмышка шектүү катары аныкталып, кармалган. Алардын ичинен төртөө Египеттин, калган жети адам Кыргызстандын жарандары. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG