Кыргызстан эки жарым айда селден 170 миллион сомдон ашуун зыян тартты

Ноокат районундагы селден кийинки көрүнүш. 28-июнь, 2024-жыл.

Кыргызстандын түрдүү аймактарында быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 236 жолу сел болуп, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өкмөттүн жыйынында билдиргени Министрлер кабинетинин сайтына жазылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин эсебинде, селдин кесепетинен бир нече чакырым жол, тогуз көпүрө бузулуп, анын бири толугу менен талкаланды.

2-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Ноокат районундагы табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. Ал кооптуу аймактардын абалына мониторинг жана көзөмөлдү күчөтүү, ыкчам чара көрүү үчүн атайын кызматтардын даярдыгын камсыздоо боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июлга чейин нөшөргө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел коркунучу бар экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Акыркы эки жумада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден 16 адамдын өмүрү кыйылды. Ташкындаган суу мал-жандыкты агызып, ички жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты.

Ноокат, Кара-Кулжа райондорунда жана табият кырсыгы болгон башка аймактарда сел жууган жерлерди тазалоо иштери уланууда.

Акыркы күндөрү дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде нөшөрдөн улам сел жүрүп жатат. (SE)

Дагы караңыз

Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кеттиЕвропа чемпионаты: чейрек финалга өткөн курамалар аныкталдыКараколдо мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды