Курманкул Зулушев өз каалоосу менен Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетип, анын ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталды.
Курманкул Зулушев бул орунга 19-апрелде келген. Ал июнь айынын башында башкы прокурор кызматынан да кеткен.
54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.
2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.
2023-жылдын 13-августунан бери эл аралык Көк бөрү федерациясын жетектеп келет. (BTo)
Дагы караңыз
Европа чемпионаты: чейрек финалга өткөн курамалар аныкталды"Кыргызнефтетрейдерлер": Вагондордун жаңы тобу келди, автогаз тартыштыгы жоюлатУлуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаев кармалдыКыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келди“Аккула” ат майданын сатуу боюнча экинчи аукцион 11-июлга белгиленди2-июль: Гутерриш Кыргызстанда, Цзинпин Казакстанда, Газада кармаш жүрүүдө