Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаев кармалды

Жоомарт Карабаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып койду.

Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазып, Жоомарт Карабаев 2-июлда атайын кызматка сурак бергенден кийин кармалганын билдирди. Эми бөгөт чарасы каралат.

УКМК Жоомарт Карабаевдин иши тууралуу маалымат бере элек.

Жоомарт Карабаев Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан.

Ошондой эле экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген. Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып жаткан. Анын айткандарына бийлик органдары комментарий берген эмес.

1-июлда ал Ноокаттагы селден жабыркагандарга жардамды өкмөттүн штабына тапшырбай, элге өз алдынча берүүгө чакырган.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келди“Аккула” ат майданын сатуу боюнча экинчи аукцион 11-июлга белгилендиRSF: Каракалпакстанда журналистика жок болуп барататТүркияда сириялык качкындарга каршы чыккан 474 киши кармалды2-июль: Гутерриш Кыргызстанда, Цзинпин Казакстанда, Газада кармаш жүрүүдө