ӨКМ: Быйыл 17 адам селге агып каза болду

Куткаруу иштери учуру. Ноокат, 29-июнь, 2024-жыл.

20-апрелден тартып 1-июлга чейинки аралыкта Кыргызстанда 17 адам селге агып каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын өкүлү Кубаныч Темирбек уулу 2-июлда брифингде билдирди.

Адистин сөзүнө караганда быйылкы жылы өлкөдө 250 сел катталды. Анын эң көбү - 71 учур Ош облусунда, андан кийин Баткен облусунда -66, Жалал-Абадда - 61, Талас облусунда -13, Ош шаарында -6, Нарын облусунда -5 учур.

Селдин кесепетинен баштапкы маалыматтар боюнча, мамлекетке жалпы 172 млн 956 миң сом зыян келтирилген. Чыгымдар эсептелип жатат.

Темирбек уулунун маалымдашынча, 28-июнда жүргөн селден Ноокатта 28 үй, үч социалдык мекеме жабыркады. Үч үй авариялык абалга кептелди. 15 чакырым жол жарактан чыкты. 29 мал-жандык селге агып кетти.

"Азаттыктын" эсебинде апрелден берки табигый кырсыктан ондон ашуун бала каза тапты.

28-июнда Ноокаттагы селде 10 адам каза тапса, сегизи жашы жете элек бала болгон.

30-июнда Кара-Кулжа районунда селге аккан автоунаада ата-энеси менен чогуу эки бала каза тапты.

Өткөн аптанын башында Баткен облусунун Кадамжай районунда беш жаштагы бала селге агып, чарчап калган.

Андан мурдараак Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда 10 жашар тестиер селге агып, набыт болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Он жылга соттолгон Алга Кылычевдин жакындары акцияга чыкты Селге байланыштуу төрт облуска чукул кырдаал киргизилдиӨКМ апта бою тоолуу райондордо сел коркунучу бар экени эскерттиГутерриш Кыргызстандагы өнүгүү динамикасын кубаттап, тынчтыктын символу деп атадыКазакстандын президенти Кыргызстандын президентине көңүл айтты