Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Гутерриш Кыргызстандагы өнүгүү динамикасын кубаттап, тынчтыктын символу деп атады


Антониу Гутерриш
Антониу Гутерриш

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаров менен 2-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн жолугушууда Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн жана коңшулары менен маселелерди чечүү аракеттерин кубаттады.

Гутерриш мурда бир нече ирет Кыргызстанга келип кеткенин айтып, “бирок мындай динамиканы эч качан көрбөгөнүн” белгиледи. Ал Жапаровго кайрылып, “сиздин өлкөңүз мурда уктап жаткан болсо, азыр чуркаган күлүккө айланыптыр” деди.

Садыр Жапаров тышкы саясатта Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын, Өзбекстан менен чек аранын чечилгенин, Тажикстан менен тактоо уланып жатканын белгиледи. Гутерриш Бишкектин чек араны тынч жолу менен чечип жатканын кубаттады:

"Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгы бекемделип келүүдө. Кыргызстан чек арага байланышкан маселелерин дипломатиялык жол менен чечип жатат. Өзбекстан менен маселе толугу менен чечилди. Тажикстан менен болгон тактоо иштери да аягына чыгат деп ойлойм. Ошол себептүү Кыргызстанды тынчтыктын символу деп айтууга болот деп ойлойм", – деди Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-июлдун кечинде Кыргызстанга келди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Гутерриш Борбор Азия сапарын 30-июнь-1-июль күндөрү Өзбекстандан баштаган. Ал 3-июлда Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталган соң Казакстанга барат.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы маалыматында, 2023-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 1 трлн 200 млрд сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 6,2% өстү. Өлкө тарыхында сумма биринчи ирет трлн сомдон ашкан.

Мекеменин баштапкы эсебинде 2024-жылдын январь-майында ИДП 443,9 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,1%га жогорулады. (TAb\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG