Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

ӨКМ апта бою тоолуу райондордо сел коркунучу бар экени эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел коркунучу бар экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Министрлик тургундардан каналдардын жээгин тазалап, турак-жайларга жакын жерлерде жаан суулары агып өтө турган арыктарды камдоону, коопсуздук чараларын сактоону суранууда.

Акыркы эки жумада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден 16 адамдын өмүрү кыйылды. Ташкындаган суу мал-жандыкты агызып, ички жолдор жана көпүрөлөр жараксыз абалга кептелди.

Ноокат, Кара-Кулжа райондорунда бана табият кырсыгы болгон башка аймактарда сел жууган жерлерди тазалоо, оңдоо жана чыгымдарды тактоо иштери уланууда.

Акыркы күндөрү дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде нөшөрлүү жаандан улам сел болуп жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG