Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Селге байланыштуу төрт облуска чукул кырдаал киргизилди


Ноокаттагы селден кийин. 30-июнь, 2024-жыл.
Ноокаттагы селден кийин. 30-июнь, 2024-жыл.

Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында селге байланыштуу чукул кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын өкүлү Кубаныч Темирбек уулу 2-июлда журналисттерге билдирди.

"Селдин материалдык жана экономикалык кесепетин эсептөө жана жоюу үчүн аймакта чукул кырдаал киргизилет. Андан кийин кырдаал алынат", - деди ал.

Акыркы эки жумада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден 16 адамдын өмүрү кыйылды. Ташкындаган суу мал-жандыкты агызып, ички жолдор жана көпүрөлөр жараксыз абалга кептелди. Ондогон үйлөргө, короолорго ылай толуп калды.

Ноокат, Кара-Кулжа райондорунда бана табият кырсыгы болгон башка аймактарда сел жууган жерлерди тазалоо, оңдоо жана чыгымдарды тактоо иштери уланууда.

Бир апта мурун Талас облусунун Бакай-Ата районунда нөшөрлөп жааган жаандан жана мөндүрдөн улам айыл чарба талаалары зыян тартып, айрым үйлөрдү суу каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел коркунучу бар экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Акыркы күндөрү дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде нөшөрлүү жаандан улам сел болуп жатат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG