Бишкек шаарында китепкананын имараты мамлекетке кайтарылды

Бишкектеги китепканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн алкагында борбор калаада китепкананын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын Борборлоштурулган китепкана тармагынын №4 китепканасы Өкмөттүн 1995-жылдагы токтому менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна өткөрүлүп берилген.

Текшерүүдө аталган имарат Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине каттоого алынбай келгени аныкталган. 1997-жылдан тартып ушул күнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы ал үчүнчү жактарга ижара келишимдердин негизинде мыйзамсыз ижарага берилип, жергиликтүү бюджеттин эсебине материалдык зыян келтирилгендиги такталды.

Натыйжада прокуратура органы наркы 16 млн 823 миң сомду түзгөн имаратты муниципалдык менчикке кайтарып, ижара акысы катары 2 млн 309 миң 771 сом акча каражаты өндүрүлдү.

Мындан сырткары бул фактыга байланыштуу тийиштүү кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Башкы прокуратура буга чейин да өлкөнүн ар кайсы аймактарында мыйзамсыз менчикке чыгарылып кеткен имараттар, жер тилкелери жана башка объектилери мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтарды берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да соңку эки-үч жылдан бери ондогон мүлктөрдү мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарган. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери. (ErN)

Дагы караңыз

Милиция Кашка-Сууда каналга түшүп кеткен кичи автобус тууралуу маалымат бердиНоокатта сел алып кеткен наристенин сөөгү табылдыУкраина бир нече аймагы Орусиянын соккусуна кабылганын билдирдиТүркия: Беш жашар кыз ыдык көрдү деген кабардан кийин качкындарга каршы маанай күчөдү Окуучуну сүзүп кеткен мурдагы милиция башчысынын инисине козголгон кылмыш иши кыскардыБишкекте троллейбустарды сактап калууну талап кылган акция өттүБУУ башкы катчысынын Борбор Азия сапары башталды