Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:02

Бишкекте троллейбустарды сактап калууну талап кылган акция өттү


Троллейбустарды сактап калууну талап кылган акция.
Троллейбустарды сактап калууну талап кылган акция.

Бишкектеги №14 линиядагы троллейбустардын биринде шаарда аталган транспорттун түрүн сактап калууну талап кылган – “Кийинки аялдама” деп аталган акция өттү. Бул тууралуу экология боюнча уюмдардын Ecostan.kg сайты кабарлады.

Активисттер транспорттун ичине Бишкектин троллейбус системасынын тарыхына байланышкан сүрөттөрдү илип, каттамдардын жүрүшүндө мэриянын троллейбус линияларын алуу боюнча аракеттерине каршылык билдиришти. Алар электробустар жана газ автобустары троллейбустардын ордун баса албай турганы, коомдук транспорттун тиешелүү түрүнөн ажыратуу шаардыктардын укуктарын бузуу экенин айтышты.

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы троллейбустарды электробустарга алмаштырып жатканы май айынын башында белгилүү болгон. Калаадагы эко-активисттер мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан расмий жообуна таянып, троллейбустарды байланыш түйүнү жана тарткыч көмөкчордондор менен бирге Ош, Токмок жана Кара-Балта шаарларына өткөрүү пландалып жатканын айтып чыгышкан.

Активисттер мэриядан келген каттын сүрөтүн социалдык түйүнгө жарыялашкан. Анда иштөө мөөнөтү бүткөн же эскирген троллейбустардын ордуна 120 электробус сатып алынары белгиленген. Документке ылайык, каржылык колдоону Азия өнүктүрүү банкы берет.

#SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка демилгелүү топтор буга каршы чыгып, коомдук транспорттун экологиялык түрүн сактап калууну талап кылышкан. Активисттер жарыялаган петицияга 1500дөй адам кол койду.

Бишкек шаардык депутаты Кадырбек Атамбаев 6-майда Фейсбукка пост жазып, бул маселе эки ай мурун көтөрүлгөнүн, депутаттар каршы чыкканына карабай мэрия ушундай чечимге келип жатканын билдирген. Ал 21-июнда жазган постунда шаардык кеңештеги “Социал-демократтар” фракциясы калаадагы троллейбус линиясын демонтаж болуп жатканын “мыйзамсыз аракет” деп баалап, прокуратурага кайрылганын маалымдаган.

Мэрия июндун башында калаадагы жолдорду оңдоонун шары менен бир катар жолдордо, анын ичинде Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүндө троллейбус зымдарын алган.

Бишкек шаарынын мэрия Айбек Жунушалиев 21-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, 210 чакырымдык троллейбус линиясынын 70% эксплуатациялоо мөөнөтү өтүп кеткенин, аны алмаштыруу кымбат турарын белгиледи. Ал ошол себептүү айлампа линиядагы гана троллейбустар калтырылып, калганы алына турганын, бул тыгынды азайтууга салым кошорун маалымдады. Мэр шаардагы 152 троллейбустун 100ү Ош шаарына берилерин билдирген.

Былтыр ноябрда Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаага алгачкы электробустар 2024-жылдын биринчи жарымында келерин билдирген. Жалпы 120 электробус келиши күтүлүүдө.

Ушул маалга чейин муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттамда эл ташып келген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG