Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Түркия: Беш жашар кыз ыдык көрдү деген кабардан кийин качкындарга каршы маанай күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Кайсери провинциясында дүйшөмбүгө караган түнү жергиликтүүлөр жөө жүрүш уюштуруп, аймактын төрт районунда жашаган сириялыктардын үйлөрүн, дүкөндөрүн жана жеңил автоунааларын талкалаганы кабарланды.

Чыңалуу 30-июнда сириялык качкын беш жашар кызга ыдык көрсөткөнү тууралуу жаңылык соцтармактарда тарагандан кийин башталган. Жүз миңдеген жергиликтүү калк көчөгө чыгып, качкындарга жана түрк бийлигине нааразылыгын билдирген.

"Ихлас" кабар агенттиги түнү 10 полиция кызматкери жараат алганын жазды.

Жекшембиде Кайсери провинциясынын жетекчилиги окуяга байланыштуу билдирүү жасап, беш жашар кызга зомбулук көрсөткөн сириялык качкын кармалганын ачыктады. Ошондой эле полиция аймакта коопсуздук чараларын күчөткөнү да кабарланды.

Түркиядагы оппозициячыл партия мүчөлөрү бийлик миграция саясатын тыкыр көзөмөлгө алышы керектигин билдиришүүдө. Республикалык элдик партиясынын (CHP) депутаты Ашкын Генч: "Күн сайын күчөп бараткан мигранттар кризиси - өкмөттүн ойлонбогон саясатынын натыйжасы", - деп жазды Х баракчасына.

Түркия дүйнөдөгү качкындарды көп кабыл алган өлкөлөрдүн сап башында турат. Учурда өлкөдө 4 миллион 800 миң качкын баш калкалайт. Анын 3 млн 700 миңи сириялыктар.

Өлкөнүн Миграция башкармалыгынын маалыматына караганда, мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалган чет өлкөлүктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө.

2005-жылы 57 428 мигрант мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалса, 2023-жылы бул көрсөткүч 232 746га жеткен.

Акыркы 18 жылда дээрлик 2,5 миллион мигрант кармалып, депортация болгон. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG