Милиция Кашка-Сууда каналга түшүп кеткен кичи автобус тууралуу маалымат берди

Каналга түшүп, көпүрөнүн астына тыгылып калган кичи автобус. Видеодон алынган скриншот.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында катталган жол кырсыгы боюнча 1-июлда маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 28-июнда болгон. Аталган райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) Кашка-Суудагы “Форель” кафесинин жанында “Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн.

Маалымат Аламүдүн РИИБде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлө баштаган.

Баштапкы териштирүү учурунда транспорттун айдоочусу, 34 жаштагы Т.Э. аттуу жаран 28-июнь, саат 21:00 чамасында рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, сууга түшүп кеткени аныкталган.

Айдоочунун көрсөтмөсүнө ылайык, ал унаанын ичинде жалгыз болгон жана жол кырсыгынан жабыркагандар болгон эмес.

Учурда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мунун алдында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында кичи автобус кабылган кырсыктын видеосу интернетке тараган. Андан көрүнүп тургандай, транспорт шар аккан канал менен агып келип, көпүрөгө тыгылып калган. Тасмада тургундар анын үстүнө чыгып, айдоочуга жардам берип жатканы көрүнүп турат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында былтыр 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 13,5% көп.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жол кырсыгына негизинен ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу жана мас абалда автоунаа айдоо себеп экенин белгилеп келет. (ErN)

Дагы караңыз

Ноокатта сел алып кеткен наристенин сөөгү табылдыУкраина бир нече аймагы Орусиянын соккусуна кабылганын билдирдиТүркия: Беш жашар кыз ыдык көрдү деген кабардан кийин качкындарга каршы маанай күчөдү Окуучуну сүзүп кеткен мурдагы милиция башчысынын инисине козголгон кылмыш иши кыскардыБУУ башкы катчысынын Борбор Азия сапары башталды"Айып менен кутула турган иш эле". Жакындары Жетигенди бошотууга чакырууда