Каныкей Аранова сот залынан камакка алынганы кабарланды

Каныкей Аранова

Социалдык тармактарга жазган пикири үчүн айыпталган Каныкей Аранованы Бишкек шаардык сот коллегиясы 3 жыл 6 айга соттоп, сот залынан камакка алганын укук коргоочу Азиза Абдурасулова 28-июнда кечке жуук Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалымат расмий тастыктала элек. Бишкек шаардык сотунун кеңсеси "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Аранованы Бишкектин Биринчи май райондук соту апрелдин аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыгарган.

Аранова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыптуу деп табылган.

Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Аранова 1-февралда Москвадан кармалып, алып келингени кабарланган.

Эжеси Ырысгүл Аранова сиңдиси анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк-аккаунттан жазылган пикири үчүн айыпталып жатканын "Азаттыкка" билдирген.

37 жаштагы Арановага 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренесинин негизинде иш козголуп, 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Байден-Трамп дебаты: Украина, Ооганстан жана ГершковичАлдыдагы беш жылда кайсы кесиптер керек? Аксыда шамал 17 турак жайдын чатырын учуруп кеттиБишкек-Ош жолу таш көчкүдөн тазаланып, бир тарапка ачылды Шри-Ланка Орусиядан согушта курман болгон жарандары үчүн кенемте сурады