Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:36

Аксыда шамал 17 турак жайдын чатырын учуруп кетти


Аксы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Аксы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча Аксы районунун Кербен шаарында жана Кош-Дөбө, Кара-Камыш айыл өкмөттөрүндө катуу шамал 17 турак жайдын жана 1 социалдык объекттин чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

ӨКМдин кызматкерлери учурда жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айрым аймактарда катуу шамал болушу жана туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн эскерткен. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG