Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Шри-Ланка Орусиядан согушта курман болгон жарандары үчүн кенемте сурады


Жакындарын согуштан кайтарууну талап кылган шри-ланкалыктар. Коломбо, 4-июнь 2024-жыл.
Жакындарын согуштан кайтарууну талап кылган шри-ланкалыктар. Коломбо, 4-июнь 2024-жыл.

"Свобода" радиосу Шри-Ланка Орусиядан Украина менен болгон согушта курман болгон чет элдик жалданма аскерлери үчүн кенемте пул сураганын жазды.

Шри-Ланканын Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы билдирүүдө каза болгондордун жана жарадар болгондордун үй-бүлөлөрүнө төлөмдөрдү төлөө маселеси министр Тарака Баласурия жетектеген делегациянын Москвадагы сүйлөшүүлөрүндө көтөрүлгөнү айтылат.

Шри-Ланканын өкүлдөрү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин менен жолукканы кабарланды. Эки тараптуу сүйлөшүүдө согушта курман болгон жана жарадар болгон 17 адамдын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү, аскерге алынгандардын келишим мөөнөтүнөн мурда бузуу жана сый акы төлөө маселелери талкууланды. Шри-Ланканын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө жарадарлардын саны айтылган эмес. Жалпысынан маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, орус-украин согушуна эки тарапта тең кеминде эки миң шри-ланкалык аскер катышууда.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жолугушуунун чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.

Май айында Шри-Ланканын президенти Ранил Викремесингхе Москвага делегация жөнөтүп, мекендештерин согушка тартуу учурларын иликтөө тапшырмасын берген. Өлкө парламенти шриланкалыктар эки тараптын куралдуу күчтөрүнүн же жалданма топторунун катарында согушка катышууда деген маалыматтарды текшере баштаган.(AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG