Бишкек-Ош жолу таш көчкүдөн тазаланып, бир тарапка ачылды

Бишкек-Ош автожолундагы сел жүргөн аймак. 23-июнь, 2024-жыл. (архив)

Бишкек-Ош жолунун 105-чакырымында жүргөн кыяндан түшкөн таш көчкү тазаланып, жол бир тарапка ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда жолду толук тазалоо иштери жүрүп жатат.

28-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, Бишкек - Ош жолунун 104-105-чакырымында, Төө-Ашуу ашуусуна жетпей жолду майда таш бөгөп калган. Ушундан улам жол убактылуу жабылган.


23-июнда да Бишкек-Ош автоунаа жолунун 364-чакырымында жамгырдын кесепетинен сел жүрүп жол убактылуу жабылып, тазалоо иштеринен кийин кайра ачылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Шри-Ланка Орусиядан согушта курман болгон жарандары үчүн кенемте сурады ТИМ Пакистандагы мурдагы элчи Тотуяевдин дооматтарына жооп берди1-июлдан тарта эң аз пенсия 3500 сом болору айтылды "Коркунучу азайды, бирок идеалдуу эмес". ЖМК мыйзамы кайра иштелип чыкты