Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

1-июлдан тарта эң аз пенсия 3500 сом болору айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 28-июнда пенсияны жогорулатуу боюнча кеңешме өткөрүп, пенсия курагына жеткен жана пенсияга чыккан жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылуу - өлкө ишинин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Кеңешмеде Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат берип, айлык акылардын көбөйүшүнөн пенсиянын камсыздандыруу төгүмү арбын чогула баштаганын билдирди.

Ага ылайык, 2017-2020-жылдар аралыгында камсыздандыруу төгүмү 115,7%га жыйналса, 2021-24-жылдары 210%га жетти.

Алиев ошондой эле быйыл 1-октябрдан тарта өлкөдө минималдуу пенсия 6900 сом болорун, муну менен Конституциянын 44-беренеси ишке кирерин айтты.

"Бул үчүн эки баскыч менен кошумча 20 млрд сом бөлүнөт. Биринчи этабында пенсия 1-июлдан тарта жогорулайт, анда эң аз минималдуу пенсия 3500 сом болот. 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га, бирок 1000 сомдон кем эмес суммага жогорулайт. Бул үчүн жыл аягына чейинки үч айга 3 млрд 927 млн сом кошумча каражат керектелет. Бул каражаттын 3 млрд 140 млн сому пенсиялык фонддон, 787 млн сому республикалык бюджеттен каржыланат", - деди ал.

Алиевдин маалымдашынча, жалпысынан акыркы үч жылда пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталды.

2021-жылга чейин жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 349 000 адам же өлкөдөгү жалпы пенсионерлердин 49%ын түзгөн. 2023-жылы 306 000 адамдын пенсиясы жашоо минимумунан төмөн болгон. Быйыл октябрдан тарта өлкөдө эң аз пенсия 6 900 сомду түзсө, бул көрсөткүч толугу менен жокко чыгарылат.

Президент Садыр Жапаров Социалдык фонд жаңы өлчөмдө төлөөнү камсыздоону ыкчамдатышы керектигин баса белгилеп, пенсияны жашоо минимумуна теңөөгө акыркы жылдары коррупцияга каршы күрөш жана өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу менен жетишүү мүмкүн болгонун айтты.

Соцфонддун былтыр 1-ноябрдагы эсебине ылайык, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар. Алардын 400ү 50 миң сомдон көп пенсия алат. Ал эми эң аз пенсия 1800-2000 сомду түзөт. Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 9300 сом.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров өкмөт Конституциядагы жашоо минимуму боюнча норманы аткарбай жатканын айтып, Министрлер кабинетин сындап келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG