27-июнда Ысык-Көлдө түрк мамлекеттеринин бизнес-инвестициялык форуму ишин баштады. Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери катышууда. Ошондой эле байкоочу өлкөлөр: Венгрия, Түндүк Кипр жана Европа палаталарынын өкүлдөрү келишти.
Форумдун алкагында кол өнөрчүлөрдүн жана Кыргызстанда өндүрүлгөн буюмдардын көргөзмөсү өттү. Иш-чараны уюштурууга Министрлер кабинети, Кыргызстандагы аккредитацияланган өлкөлөрдүн элчилери, ишкерлер колдоо көрсөтүштү.
Көргөзмөдө Кыргызстандын маданиятын жана салттарын чагылдырган кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер, зергер буюмдар, текстиль жана тамак-аш азыктары коюлду.
Форумда түрк мамлекеттери Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн талкуулап, экологиялык нукура азыктарын сыртка сатуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана башка маселелерди карашат.
Мындан тышкары Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын түрк тилдүү мамлекеттер аймагында сатылышы жөнүндө да сөз болот.(ZKo)
Дагы караңыз
Парламент репрессия курмандыктарын актоо долбоорун колдодуОшто “Хизб ут-Тахрир” уюмунун лидерлери жана мүчөлөрү кармалдыЖК кыргыз тилин билгендерди гана сот кылып дайындоо документин кабыл алды Султан Раев: Ата-бала Ауэзовдор улуттун символуна айланган Орусияда мигрант эне абакка, наристеси балдар үйүнө түштү