Даңазалуу «Абай жолу» романынын автору Мухтар Ауэзовдун татыктуу уулу, белгилүү коомдук ишмер, маданият таануучу, ойчул Мурат Ауэзов 82 жашында дүйнө салды. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-июнда Алматы шаарында өттү. Ага ТүркСОЙ уюмунун баш катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев да катышты. Казактын тулгасы атыккан инсандардын кыргыз-казак элине калтырган өрнөгү тууралуу Султан Раев менен Сарыгулова маектешти.