Боливияда президент өлкөдө төңкөрүш кылуу аракети болуп жатканын айтты

Ла-Паста турган аскер.

Боливияда аскерлер чопкутталган автоунаалар менен президенттин резиденциясы жана парламенттин имараты жайгашкан Ла-Пастын борбордук Мурильо аянтын ээлеп алышты.

Аскерлердин бул аракетин өлкөнүн президенти Луис Арсе сынга алып, аскерлерди “демократияны урматтоого” чакырып, жарандарды “төңкөрүш аракетине” каршы турууга үндөдү.

Армияны шейшембиде армиянын жетекчиси кызматынан бошотулган генерал Хуан Хосе Суньига жетектеп жатат. Ал “өкмөттү өзгөртүү” боюнча чараларды көрө турганын айтты.

Боливиянын мурдагы президенти Эво Моралес элди иш таштоого жана тарапташтарын жолдорду тосууга чакырды.

Ушул таптагы президент Луис Арсенин тарапташтары Мурильо аянтына чыгууга аракет кылганда аскерлер көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, таратып жиберди. (BTo)

Дагы караңыз

Европа чемпионаты: Плей-офф баскычына өткөн курамалар аныкталды“Эргүү” улуттук театр сыйлыгы тапшырылды26-июнь: Президент Жапаров карындашы үчүн кечирим сурады, Тажикстанда бүбү-бакшы камалатБишкекте Бангладештин 56 жаранына 100 миң сомго чукул айып салындыЗеленский фронттун кармаш жүрүп жаткан тилкесине барды