Ош гарнизонунун чек ара мекемесинин офицери жемкорлукка шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 26-июнда билдирип, шектүү башка аскерлерден акча алып жатат деген видеону жарыялады.
Офицер "материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен көптөн бери чек арачы аскерлерден акча талап кылып жүргөн" деп шек саналууда.
39 жаштагы аскер кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 25-июнда колго түшкөн. Ага шерик болушу мүмкүн деген башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.
Шектүүнүн аты-жөнү айтылган жок. Ал тараптан азырынча комментарий боло элек. (SE)
Дагы караңыз
ӨКМ Нургожоеванын жигити тик учактын ижарасына 157 миң сом төлөгөнүн билдирдиБУУ Газада ачарчылык коркунучу өтө жогору экенин эскерттиОрусияда "тыңчылыкка" айыпталган америкалык журналисттин соту башталды