Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:40

ӨКМ Нургожоеванын жигити тик учактын ижарасына 157 миң сом төлөгөнүн билдирди


Лаззат Нургожоева Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагынын жанында.
Лаззат Нургожоева Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагынын жанында.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нургожоеванын министрликтин тик учагына байланыштуу социалдык тармактарда тараган видеосу тууралуу комментарий берди.

Мекеменин 26-июнда тараткан маалыматына ылайык, Автандил Сабырбеков аттуу адам министрликтин тик учагын бир саатка ижарага алуу боюнча 21-июнда келишим түзүп, 157 миң 662 сом төлөгөн. Ал 24-июнда 56 мүнөт учканы жана тик учак ижарага мыйзамдуу берилгени айтылды.

“Акыркы жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч түрү алынган. Мамлекеттин ишине колдонуудан сырткары коммерциялык багытта да иштейт. Мамлекеттик, министрликтин ишмердүүлүгү үчүн тик учактардын чыгымы бюджеттик каражаттын эсебинен камсыздалат. Ал эми жеке жактарга ижарага берилген учурда ал каражаттын ар бир тыйыны мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга же жыл сайын башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүүгө топтолот”, - деп айтылат маалыматта.

Мекеме тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп каларын, “Н -125 Airbus” тик учагын саатына 157 миң 662 сомго, “Н - 145 Airbus ” тик учагын саатына 262 миң 770 сом ижарага алса болорун кошумчалады.

24-июндун кечинде Лаззат Нургожоева жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганын жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган виделорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Коомчулукта бул ашыкча чыгым экени айтылып, сынга кабылды.

Президент Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоеванын социалдык тармактарда тараган видеосу тууралуу 26-июнда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип, бул окуяга байланыштуу элден кечирим сурады. Садыр Жапаров буга чейин ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырган.

Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагын жеңип алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG