Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

БУУ Газада ачарчылык коркунучу өтө жогору экенин эскертти


Газа.
Газа.

Газада Израил менен ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) токтобой келаткан согушунун айынан ачарчылык коркунучу өтө жогору болуп турганын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди. Маалыматта айтылгандай, сектордун түндүгүн гуманитардык жардам менен камсыздоо ал жакта ачарчылыктын жайылышына жол берген жок, бирок жалпысынан анклавда жардам жетиштүү болбой жатат.

Программанын жаңыртылган “Азык-түлүк коопсуздугу фазаларынын жалпы классификациясына” (IPC) ылайык, Газанын 495 миңден ашуун тургунунун азык-түлүк менен камсыздалуусу өтө оор жана “катастрофалык” деп бааланууда.

Бул мурда болжолдонгон 1,1 миллион адам деген көрсөткүчтөн аз экени, бирок сөз Газа калкынын бештен бир бөлүгүнөн көп адам тууралуу болуп жатканы белгиленди.

Азык-түлүктүн жетишсиздиги айрыкча балдар үчүн коркунуч жаратары, алардын ачкадан чарчап калышына түрткү болору да айтылды.

Сурамжылоого катышкандардын 20% күндөп-түндөп ачка жүргөнүн айтып беришкен.

Уюмдун баяндамасында белгиленгендей, Израилдин Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарындагы чабуулдары коңшу Египет менен чек арадагы өткөрмө бекеттин жабылышына алып келип, абалды оорлотту, анткени ошол жер аркылуу секторго азык-түлүк жана башка жүк ташылып жүргөн.

Газага деп жөнөтүлгөн эл аралык жардам сектордогу муктаж жай тургундарга жетпей жатат деп Израил БУУну айыптап келет. Ал эми Улуттар Уюму буга израилдик аскерлердин «узак жана негизсиз» текшерүүлөрү менен чабуулдары себеп экенин айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG