НАТО уюмунун жаңы башкы катчысы кызматына Марк Рютте бекитилди. 26-июнда Брюсселде уюмга мүчө өлкөлөрдүн элчилери Нидерланддын премьер-министрлик мөөнөтүн жыйынтыктап жаткан Рюттени бул орунга дайындоо тууралуу чечим кабыл алышты.
Рюттенин жалгыз атаандашы – Румыниянын президенти Клаус Йоханнис өткөн аптада талапкерликтен баш тартканын жарыялаган.
Дайындоо расмий түрдө альянстын кезектеги саммитинде жарыяланат. Саммит июль айында Вашингтондо өтөт.
Марк Рютте 57 жашта. Ал Нидерланд өкмөтүн 2010-жылдан бери төрт мөөнөт удаа башкарып келди.
НАТОнун башкы катчылыгына беш жылдык мөөнөткө Рютте Украинада согуш уланып, европалык жана глобалдык коопсуздукка коркунуч жаралып жаткан кезде келе жатат.
Анын дайындалышын уюмдун бардык 32 мүчөсү колдогон. Акыркылардан болуп Венгрия жана Словакия макулдугун беришкен. Венгриянын орусиячыл өкмөт башчысы Виктор Орбан бир нече ай бою Рюттенин талапкерлигине каршылыгын билдирип келген. Бирок Будапешт НАТО алкагында Украинага жардам көрсөтүү милдетинен бошотулат жана мындай жардамдын берилишине тоскоолдук кылбайт деген убададан кийин макулдугун берген.
Нидерланд өкмөтүн Рютте 10 жыл башкарды, ал Украинаны колдоо саясатын жүргүзүп, Орусияны согуш баштаганы үчүн айыптап келет.
Столтенберг 2014-жылдан берки баш катчылык кызматын 1-октябрда тапшырат, Рютте ишке эртеси күнү, 2-октябрда киришет.
НАТО – Европанын жана Түндүк Американын 32 өлкөсүнүн аскердик-саясий бирикмеси. Ал 1949-жылы тышкы агрессиядан чогуу коргонуу максатында түзүлгөн. (RK)
Дагы караңыз
Ошто маңзат жасоодо керектелчү 9 тоннадан ашуун химиялык зат табылдыВебкам ишмердигин кылмышка теңеген мыйзам долбоору кабыл алынды Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлдүЖК комитети Улуттук банктын төрагалыгына Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду