Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:32

Ошто маңзат жасоодо керектелчү 9 тоннадан ашуун химиялык зат табылды


Ош облусунда жана Ош шаарында 2024-жылдын беш айында 9 тоннага жакын прекурсор, же маңзат жасоодо керек болчу зат табылды. Андан башка 12 кг ооган өндүрүшүнөн чыккан кара куурай жана 1 кг героин да болгон.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жанбаев билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы быйыл апрелде Кыргызстанда баңгизатын жасагандарга жана саткандарга каршы күрөш күчөтүлө турганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2021-жылы бир, 2022-жылы 7, ал эми 2023-жылы синтетикалык маңзат өндүргөн төрт лаборатория аныкталган.

2020-2021-жылдары укук коргоо органдары издөө-иликтөө иштеринин аркасында 28 кг синтетикалык баңгизат табышкан. Ал эми 2022-жылы 89 кг, 2023-жылы болсо 150 кг каражат алынган.

26-июнь - Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу өспүрүмдөрдү маңзатка азгырылбоого чакырган турнир уюштурулду. (SE)

Ошто өспүрүмдөр арасында баңгизатка каршы уюштурулган футбол турниринде тартылган сүрөт.
Ошто өспүрүмдөр арасында баңгизатка каршы уюштурулган футбол турниринде тартылган сүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG