Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

ЖК комитети Улуттук банктын төрагалыгына Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду


Мелис Тургунбаев.
Мелис Тургунбаев.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 26-июндагы кезексиз жыйынында Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду. Президент Садыр Жапаров көрсөткөн Мелис Тургунбаевди бул орунга шайлоо маселеси эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.

42 жаштагы Мелис Тургунбаев - экономика илимдеринин доктору. 2023-жылы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалган. Бул кызматтан 26-июнда кетти.

Ал 2003-жылы Борбор Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Жапониядагы саясат изилдөө институтун, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн. Эл аралык мамилелер, экономикалык саясат боюнча адис. 2002-2005-жылдары Финансы министрлигинде, 2006-2019-жылдары “Газпромнефть Азия” ишканасында эмгектенген.

2013-2021-жылдары “Кыргызнефтегаз” ишканасында директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы, 2021-жылы KICB банкында директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Садыр Жапаров быйыл апрель айында өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес деген негиз менен Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан кеткени 24-июнда белгилүү болгон. Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болору айтылууда. Шаршембиде парламент аны Улуттук банктын төрагасы кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын колдоду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG