Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында "Бедел" өткөрмө бекетин ачуу тууралуу эки тараптын 12-июнда кол койгон келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 24-июндагы жыйынында карады.
Депутаттарга Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, "Бедел" бекетинин ачылышы өлкөнүн экспорт мүмкүнчүлүгүн жана Кытай менен соода алаканы кеңейтет.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда учурда эки - "Торугарт" жана "Эркечтам" чек ара бекеттери иштейт. (ZKo)
Дагы караңыз
"Орусия мени, Кыргызстан аялымды киргизбей койду". Орус паспортунан, кыргыз атуулдугунан чыккан көйгөйлөрДагестан: Махачкала менен Дербентте эмне болду? Орусияда кыргызстандыктар катышкан мушташ боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды Одесса шаары ракета чабуулуна кабылды Нетаньяху Рафахтагы операция аяктап баратканын айтты