Кайра шайлоо: үч аймакта шайлоочулардын тизмеси такталды

Шайлоодо добуш берүү. Иллюстрациялык сүрөт.

30-июнда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өтүүчү аймактардагы шайлоочулардын саны толугу менен такталды. Тизме Санарип министрлиги тарабынан түзүлгөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 24-июнда маалымдады.

Маалыматка ылайык, шайлоочулардын тизмеси 25-июнга чейин үч аймактагы 175 шайлоо тилкелеринде илинет.

Шайлоочулардын тизмеси БШКнын "Тизме" порталында жайгаштырылды, шайлоочулар өздөрүнүн аты-жөнүн тактап алышса болот. Мындан тышкары: 1255 же 119 кыска номурларына чалып, шайлоо тилкелеринен же 119 номуруна жеке идентификациялык номурун жиберүү аркылуу өзүнүн кайсы шайлоо тилкесинде добуш бере аларын тастыктай алышат.

30-июнда бир мандаттуу №5 Ноокат, №29 Свердлов (Бишкек) жана №36 Ысык-Көл шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

№5 Ноокат шайлоо округунан мурда шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, №29 Свердлов аймагынан Шайлообек Атазов жана №36 Ысык-Көл шайлоо аймагынан Максат Сарыбагышев депутаттык мандатын түрдүү себептер менен мөөнөтүнөн мурда тапшырышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Газада дагы ондогон киши каза болду, Израил операциясын улантууда Жан-жаныбардын турпатын жасаган уста Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кызматтан кететСадыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты"Орусия мени, Кыргызстан аялымды киргизбей койду". Орус паспортунан, кыргыз атуулдугунан чыккан көйгөйлөр"Сахарово" борборунда кыздарды мазакташты"