Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кызматтан кетет

Кубанычбек Бөкөнтаев.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу кызматтан кетип жатат. Бул тууралуу өлкөнүн негизги банкынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ал бул кызматка 2021-жылы дайындалган. Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындала турганы айтылууда. Бул маалыматты “Азаттыкка” Министрлер кабинетиндеги булактар ырастады.

Кубанычбек Бөкөнтаев 1992-жылы эмгек жолун Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист кызматынан баштаган. 1998-2002-жылдары коммерциялык банктарда иштесе, андан кийин “Кыргызстандын банк кабарчысы”, “Банкир”, “Экономика. Банктар. Бизнес” аттуу гезит-журналдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Ортодо “Сорос-Кыргызстан” фондунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасында (ПРООН), Кредиттик союздарды өнүктүрүү боюнча финансылык компанияда (ФКПРКС) иштеп турган.

Ал 2006-жылы, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2010-жылы Апрель окуясы учурунда Убактылуу өкмөттүн каржылык аракеттери жөнүндө билдирүүсүнөн кийин декрет менен кызматтан алынган.

Башкы прокуратура ошол кезде Улуттук банктын жетекчилигин “АзияУниверсалБанктын” ячейкаларынан 3 млрд сом жоголгону үчүн айыптаган. Кубанычбек Бөкөнтаев бул айыптоолорду четке кагып, Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт өзү коротуп салган акчаны мойнуна илип, кылмыш ишин козгогонун айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен баратБаткенде сел үч бодо малды, 14 майда жандыкты агызып кеттиДагестанда куралдуу кол салуудан 15тен ашык полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды“Караван” соода борборунда эскалаторго буту кыпчылып калган кыз куткарылдыКыргызстанда 224 бала фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланууда