Түркияда өрт 10дон көп адамдын өмүрүн алды

Түркиянын талааларын каптаган өрт.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы дыйкан-чарба талааларында тутанган өрттөн кеминде 11 киши каза таап, 70тен көбү жараат алды. Бул тууралуу 21-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

Анын айтуусуна караганда, он кишинин абалы оор. Аларга жергиликтүү ооруканаларда жардам көрсөтүлүп жатат.

Өрт Диярбакыр провинциясынын талааларында 20-майда тутанып, катуу шамалдан улам тез жайылып, коңшу Мардин аймагына чейин жеткен. Ички иштер министри Али Ерликая 21-июнга караган түнү тилсиз жоонун жайылышы чектелгенин, өчүрүү иштери уланып жатканын билдирди. Өрттүн тутанышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

2021-жылы Түркиянын түштүгүндөгү токойдогу өрттөн кеминде сегиз адам каза таап, ондогон кишилер ар кандай жараат алган. Токойлорго жакын жайгашкан курорттук аймактардан туристтер чыгып кетүүгө аргасыз болуп, эс алуу жайлары бош калган.

Дагы караңыз

Салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупцияга шектелип кармалдыУкраинада аба чабуулунан алты киши каза тапты Чүйдө “Ысык-Ата-1” чакан ГЭСи иштей баштады