Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупцияга шектелип кармалды


Мамлекеттик салык кызматына алынган столдун баасы тууралуу УКМКнын сүрөтү. 21-июнь, 2024-жыл.
Мамлекеттик салык кызматына алынган столдун баасы тууралуу УКМКнын сүрөтү. 21-июнь, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Д.А.С. коррупцияга шек саналып кармалганын 21-июнда кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, тергөөнүн жүрүшүндө “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө сатып алынган жабдуулардын баасы жана кызмат көрсөтүү акысы жүздөгөн эсе кымбат көрсөтүлгөнү аныкталган.

"Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жана башка кызыкдар адамдар 4 миллион 878 миң 894 АКШ доллар суммасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлүп, анда компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркы жүздөгөн эсеге жогорулатылган. Маселен, 421 АКШ долларына (37 миң сомго) туташтыргычтары бар кадимки электр узарткыч (удлинитель) сатып алынган. Баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 11 долларга (960 сом) сатып алынган. 207 АКШ долларына (18 миң сомго) болжол менен 3500 сомдук кеңсе отургучу алынган. Каржы министрлигинин Ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион 267 миң 668 АКШ доллары (110 миллион сомдон ашык) өлчөмүндө ашыкча баалоо түрүндөгү зыян аныкталган", - деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат жогорудагы каражаттар эл аралык донорлор тарабынан өнөр жайларды өнүктүрүүгө бөлүнгөнүн белгилеген. Коопсуздук кызматы учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана кызыкдар тараптарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик салык кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, төраганын орун басарларынын бири - Дубанаев Адилет Садырбекович. Анын инициалы УКМК тараткан маалыматка дал келет.

Кыргызстанда алынган жабдуулар жана көрсөтүлгөн кызмат акылары чыныгы баасынан эселеп ашырылып төлөнгөн фактылар буга чейин да аныкталган. Анын ичинде эң чуулгандуусу Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоого алынган жабдыктар жана Тарых музейине алынган экспонаттар менен эмеректер болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG