Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Украинада аба чабуулунан алты киши каза тапты


Краснодар аймагындагы дрон чабуулуна кабылган мунай иштетүүчү заводдон чыккан түтүн. 4-май, 2023-жыл.
Краснодар аймагындагы дрон чабуулуна кабылган мунай иштетүүчү заводдон чыккан түтүн. 4-май, 2023-жыл.

Орус армиясынын Украинанын аймагына жасаган аба чабуулдарынан соңку бир суткада кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды. Москва ошол эле маалда Киев оккупацияланган Крымга жана Орусиянын ичиндеги бир нече аймакка жапырт аба сокку урду деп Киевди күнөөлөдү.

Донецк облусунун Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүн орус армиясы соңку бир суткада 22 жолу аткылап, беш жайкын тургундун өмүрү кыйылганын, ондон ашууну жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Аскердик администрациянын башчысы Вадим Филашкин белгилегендей, жеке турак жайлар жана өндүрүш объектиси зыянга учураган. Түштүктөгү Херсон облусунда орус армиясынын аба чабуулдары бир кишинин өмүрүн алып, дагы бирин жарадар кылганы кабарланды. Жалпысынан аймакта 15 калктуу конуш, анын ичинен облус борбору Херсон шаары да зыянга учураганын губернатор Александр Прокудин билдирди.

Аткылоого Днепропетров, Запорожье, Сумы облустары да кабылды. Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги 21-июндун таңында оккупацияланган Крымда жана Краснодар, Брянск, Волгоград аймактарындагы "жапырт чабуулда" 114 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мекеме тараткан маалыматта бир кишинин өмүрү кыйылып, төрт адам жараат алганы белгиленет.

Краснодардагы Ильск мунай иштетүүчү заводуна дрондун калдыгы тийип, өрт тутанган. Тилсиз жоону тиешелүү кызматтар убагында өчүргөнүн облус башчысы Вениамин Кондратьев билдирди.

Андан тышкары Коргоо министрлиги Краснодар аймагынын Ейскидеги аэропортуна жасалган чабуулдун мизи кайтарылганын маалымдады.

Украинанын Башкы штабы соңку эки түндө алар Орусиянын аймагындагы жана аннексияланган Крымдагы бир катар объектилерди, анын ичинен мунай иштетүүчү заводдорду, радиолокациялык түйүндөрдү жана дрон кампаларын "ийгиликтүү иштен чыгарганын" билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG