Молдованын президенти Майя Санду өлкөсүнүн Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо буйругуна кол койду.
Бул тууралуу ал X социалдык түйүнү аркылуу билдирди.
"Евробиримдикке кошулуу - бул биздин тынчтыкка, жарандарыбыз үчүн бейпил, гүлдөгөн жашоосуна болгон жолубуз. Кийинки аптада Люксембургда расмий башталуучу сүйлөшүүлөргө катыша турган делегациябызга ийгиликтерди каалайм", - деп жазды ал.
Today, I signed the Decree on initiating Moldova%27s EU accession negotiations. Becoming an EU member is our path to peace, prosperity, and a better life for all citizens.Wishing our delegation every success as they officially launch negotiations in Luxembourg next week. pic.twitter.com/1ze5UNb7rm
— Maia Sandu (@sandumaiamd) June 21, 2024
Европалык интеграция боюнча вице-премьер-министр Кристина Герасимова делегацияны жетектейт. Сүйлөшүүлөр 25-июнда башталат.
Майя Санду Евробиримдикке кошулуу арызын 2022-жылы мартта, Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй тапшырган. Анын алдында ушундай эле арыз менен Киев да кайрылган.
Быйыл июнь айынын башында Еврокомиссия Молдова менен Украинанын евроинтеграциялык реформаларды жүргүзүү прогрессин оң баалап, кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөргө "жашыл жарык" берген.
"Блумберг" басылмасы жазгандай, Молдова менен Украинанын Еврошаркетке кошулуу жараяны бир канча жылга созулушу мүмкүн. Соңку ирет биримдикке Хорватия 2013-жылы кошулган. Бул өлкө менен сүйлөшүү 10 жылга созулган.
Дагы караңыз
Сот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алындыАрмения Палестинаны мамлекет катары расмий тааныды“Аккула” ат майданын сатуудан түшкөн акча турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө жумшалат