Тажикстан президенти "улут маданиятына жат кийимге тыюу салган" мыйзамына кол койду

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 20-июнда "улуттук маданиятка жат кийимди сатууга, өлкөгө алып кирүүгө жана коомдук жайларда кийип жүрүүгө тыюу салууну караган" мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын сайтында жарыяланды.

Мыйзамда ал кандай кийим экени так жазылган эмес. Анткен менен эксперттер кеп биринчи кезекте мусулмандардын жабык кийимдери тууралуу сөз болуп жатканын айтышууда.

Эрежени бузгандарга 7920 сомони же 733 доллар айып пул салынат.

Буга чейин Тажикстан парламенти документти коомдук талкууга чыгарбай туруп эле кабыл алган. Эл аралык укук коргоо уюмдары расмий Дүйшөмбүнү мусулман кийимдерин кийген аялдарга жасаган басымы, дискриминациясы үчүн сындап келишкен.

Тажикстанда жабык диний кийимчен аялдарга жана сакалчан эркектерге каршы рейддер жүргүзүлүп, алардын сакалдарын алган учурлар болгон.

Буга чейин хижаб жана диний кийимдерге байланышкан маселелер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да талкууланып келген.

Былтыр күзүндө Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламентте даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган.

Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы 2023-жылдын 5-сентябрында коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартууну караган мыйзам долбоорун жактырган.

Дагы караңыз

Сауд Арабиясында ажылык маалында каза болгондордун саны миңден аштыСот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алындыБишкек мэри шаарда жол тыгынды азайтуу аракеттери тууралуу айтты