Москванын Зюзин райондук соту 20 жаштагы тажик жараны Аскар Бутаевди камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды.
Ал православ чиркөөсүндө шамдарды өчүрүп, чиркөөдөгү аялды түртүп жиберген. Бул тууралуу Москва прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө комитети Бутаевге дин тутуу эркиндигин бузганы үчүн кылмыш ишин козгоду.
Окуя 18-июнь күнү адмирал Федор Ушаков чиркөөсүндө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, Бутаев ал жерде күйүп жаткан шамдардын баарын өчүрүп, андан кийин чиркөөгө келген аялдардын бирин түртүп, кетип калган. Көп өтпөй ал кармалган.
Baza Телеграм-каналы билдиргендей, Аскар Бутаев Москвага бир нече күн мурда келген. Ал чиркөөнүн жанындагы жатаканада жашаган.
Бутаев күнөөлүү деп табылса, 200 миң рублга чейин айып пул төлөшү мүмкүн же бир жылга чейин эркинен ажыратылат.
Дагы караңыз
Путин жана Ким: "Мага снаряд бересиң, сага технология берем" Зайырбек Ажыматовдун китеби түрк тилинде жарык көрдүӨкмөт бала бакчадагы тамак-ашка акча бөлбөй турганы айтылдыЧикагодо үйү күйгөн кыргыздарга акча чогултулууда"Айдосту өлтүрүү үчүн киллер жалдашкан”. Киевде казак журналистине ок тийди