Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Чикагодо үйү күйгөн кыргыздарга акча чогултулууда


Чикагодогу өрт чыккан район. 17-июнь, 2024-жыл.
Чикагодогу өрт чыккан район. 17-июнь, 2024-жыл.

Дүйшөмбү АКШнын Чикаго шаарынын Маунт-Проспект районунда жайгашкан үч кабаттуу үйдө өрт чыгып, 100дөн ашуун тургун эвакуацияланган. Өрттөн күйүп, жараксыз абалга келген имараттын төрт батиринде кыргызстандык үй-бүлөлөр жашаган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун башчысы Умар Жусупбеков билдирди.

"Бир батирде беш кыргыз бала, дагы биринде жаш үй-бүлө, калган экөөндө да кыргыздар жашаган. Жалпы жонунан бул үйдө 10дон ашык кыргыз жараны бар болчу. Өрт убагында өчүрүлүп, жабыркагандар жок. Бирок, жердештерибиздин буюмдары күйүп кеткен. Азыр аларга материалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн акча чогулта баштадык. Алар үйдүн башка тургундары менен коопсуз жайга көчүрүлдү" .

Умар Жусурбековдун айтымында, өрт чыккан жер кыргызстандык мигранттар көп жашаган райондордун бири.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматтарына караганда, Маунт-Проспект районундагы тилсиз жоо тууралуу кабар өрт өчүрүү кызматына 17-июнда кечке жуук келип түшкөн. Катуу шамалдан улам тилсиз жоону өрт өчүргүчтөр 18-июнда таңга жуук толук өчүрүшкөн.

Өрттөн жабыркаган тургундар тууралуу маалымат жок. Анын чыгышынын себеби ушул тапта иликтенип жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кошмо Штаттарда болжол менен 26 миңдей кыргызстандык иштеп, жашап жатат. Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун маалыматына караганда бул шаарда жашаган кыргызстандыкардын саны болжол менен 7-8 миңдей. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG