Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Зайырбек Ажыматовдун китеби түрк тилинде жарык көрдү


Зайырбек Ажыматовдун китеби.
Зайырбек Ажыматовдун китеби.

Акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун "Жүрөк жана аалам" аталышындагы китеби Түркиянын Анкара шаарында түрк тилинде басылып чыкты. Аны которуп басууга ТҮРКСОЙ уюму колдоо көрсөткөн. Жыйнакка Зайырбек Ажыматовдун жашоо, сүйүү, дүйнө, эне жана башка тематикадагы ырлары камтылган.

Көзү өтүп кеткен акындар Элмирбек Иманалиевдин "Аманат", Эрнис Асек уулунун "Үшкүрүк" аттуу китептери да быйыл түрк тилине которулду. Элмирбек Иманалиев жана Эрнис Асек уулу 2020-жылы оорунун айынан каза табышкан.

Анкарадан басылып чыккан китептердин арасында акын Өмүрбек Тиллебаевдин "Нур тамыр" аттуу ыр жыйнагы да бар.

Өмүрбек Тиллебаевдин, Зайырбек Ажыматовдун, Эрнист Асек уулунун жана Элмирбек Иманалиевдин түрк тилиндеги китептери.
Өмүрбек Тиллебаевдин, Зайырбек Ажыматовдун, Эрнист Асек уулунун жана Элмирбек Иманалиевдин түрк тилиндеги китептери.

Мекенчил акын, “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө быйыл төрт жыл болду.

Өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жаш курагында күтүүсүздөн кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан. Көзү тирүүсүндө "Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" аттуу ыр жыйнактары жарык көрсө, көзү өткөндөн кийин жакындары “Датасы жок күндөр”, “Доско кат” аттуу китептерин басмадан чыгарган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG