Акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун "Жүрөк жана аалам" аталышындагы китеби Түркиянын Анкара шаарында түрк тилинде басылып чыкты. Аны которуп басууга ТҮРКСОЙ уюму колдоо көрсөткөн. Жыйнакка Зайырбек Ажыматовдун жашоо, сүйүү, дүйнө, эне жана башка тематикадагы ырлары камтылган.
Көзү өтүп кеткен акындар Элмирбек Иманалиевдин "Аманат", Эрнис Асек уулунун "Үшкүрүк" аттуу китептери да быйыл түрк тилине которулду. Элмирбек Иманалиев жана Эрнис Асек уулу 2020-жылы оорунун айынан каза табышкан.
Анкарадан басылып чыккан китептердин арасында акын Өмүрбек Тиллебаевдин "Нур тамыр" аттуу ыр жыйнагы да бар.
Мекенчил акын, “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө быйыл төрт жыл болду.
Өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жаш курагында күтүүсүздөн кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан. Көзү тирүүсүндө "Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" аттуу ыр жыйнактары жарык көрсө, көзү өткөндөн кийин жакындары “Датасы жок күндөр”, “Доско кат” аттуу китептерин басмадан чыгарган.(ZKo)
Дагы караңыз
"Айдосту өлтүрүү үчүн киллер жалдашкан”. Киевде казак журналистине ок тийди "Матраимов-Көлбаевге тиешеси бар 100дөн ашык бажычы иштен алынды"Орусия Украинанын борборундагы энергетикалык объектиге чабуул койдуСадыр Жапаров ички паспортторду акысыз алмаштырууга чакырдыАкылбек Жапаров Борбор Азияда суу үчүн келишпестик болбой турганын айтты