Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Садыр Жапаров ички паспортторду акысыз алмаштырууга чакырды


"Учкун" концернинде басылган жалпы жарандык паспорттор. Бишкек. Декабрь, 2023-жыл.
"Учкун" концернинде басылган жалпы жарандык паспорттор. Бишкек. Декабрь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандык жарандарды ID карт - ички паспортту Кыргызстандын өзүндө, "Учкун" концернинде даярдалган ички паспортторго акысыз алмаштырууга чакырды.

Мамлекет башчы 19-июнда Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстандын паспорттору өлкөнүн өзүндө чыгарылып, бериле баштаганын жазып, мындан ары Кыргызстандын паспортторун "жасап, чет өлкөлүк жарандарга сатуу" болбой турганын белгиледи.

"Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат. Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби, паспорттор өзүбүздөн чыга баштады.
Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, жашыруун корголуучу элементтери көп. Андан сырткары, мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт!", - деп жазды Жапаров.

Президент ID карттарды бекер алмаштыруу боюнча эки айлык акция жүрөрүн маалымдап, 1-июлдан 31-августка чейин каалаган жарандар ID картын акысыз алмаштыра аларын билдирди. Андан кийин адаттагыдай эле өз баасына - 600 сомдон алмаштырылат.

Садыр Жапаров бул үчүн паспортторду басып чыгарып жаткан “Учкун” мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине 1-июлга даяр болууну тапшырды.

Мамлекет башчы постунда жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырууга азырынча каражат жоктугун белгилеп, бирок жалпы жарандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция өткөрүлөрүн эскерткен.

Кыргызстандын жарандарына "Учкун" мамлекеттик концернинде даярдалган паспорттор 1-июндан тарта бериле баштаган.

Расмий маалыматтарда, Кыргызстан буга чейин жыл сайын чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылган.

Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп.

Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 77-орунду ээледи. Былтыр 76-катарда эле. 2024-жылга карата 10-январда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 65 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG