Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Орусия Украинанын борборундагы энергетикалык объектиге чабуул койду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Орус аскерлери Украинанын борбордук аймагындагы энергетикалык объектиге түн ката чабуул жасаганын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

Украинанын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында, Львов облусунда Орусиянын түнкү чабуулунан электр жабдуулары бузулуп, 285 эсепке алуу түйүнү жарактан чыккан.

Маалыматка караганда, 19-июнга караган түнү орус аскерлери "Шахед" үлгүсүндөгү 21 учкучсуз учак менен Украинага чабуул койгон. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, украин аскерлери Херсон, Николаев, Днепропетровск, Кировоград, Хмельницкий жана Львов облустарында 19 учкучсуз учакты атып түшүргөн.

Украинанын энергетикалык объектилерине акыркы айларда Орусиянын ракеталары жана учкучсуз учактары үзгүлтүксүз чабуул коюуда.

Согуштун башынан бери Москва аскердик жайларды бутага алганын айтып, карапайым эл арасындагы жоготууларды, жарандык инфраструктуранын жок кылынганын комментарийсиз калтырууда. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG