Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Акылбек Жапаров Борбор Азияда суу үчүн келишпестик болбой турганын айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Борбор Азияда суу үчүн талаш-тартыш болбой турганын билдирди. Бул тууралуу ал “MINEX Central Asia” 10-тоо-геологиялык форумунда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ал “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу боюнча документке кол коюлушу Борбор Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү максаттарга жетүү үчүн биригип кете аларынын мисалы экенин кошумчалады.

“Башкача айтканда, кээ бир сенсациячыл журналисттер божомолдогондой, Борбор Азияда суу ресурстарына ээ болуу шоусу болбойт, бирок бардык элдердин жыргалчылыгы үчүн тынчтык кызматташуу болот. Биз өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз. Биз өнөктөштөр менен байлыкты адилет бөлүшүүнү каалайбыз. Уинстон Черчилл “Капитализмде байлык адилетсиз бөлүштүрүлөт, ал эми социализмде жакырчылык адилеттүү бөлүштүрүлөт” деп айткан. Тарыхыбызда жакырчылык бир тарапка, байлык экинчи тарапка калыс бөлүштүрүлгөн учур болгон. Биз өнөктөштөр менен байлыкты адилет бөлүштүрүүнү, элибиздин кызыкчылыгы үчүн өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнү каалайбыз”, - деди ал.

Форумга Азиянын 22 өлкөсүнөн, Европадан, Кытайдан, Түндүк Америкадан жана Жакынкы чыгыштан 100дөн ашык компания жана уюмдар катышып жатканы айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетерин айткан.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG